Кыргыз-Орус Славян окуу жайынын ректору: Жапаров сырттан окуган, дипломун “бешке” жактаган

Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору Владимир Нифадьев Садыр Жапаров 2006-жылы юридикалык факультетин сырттан окуп бүтүргөнүн тастыктады.

nifadeev v Кыргыз-Орус Славян окуу жайынын ректору: Жапаров сырттан окуган, дипломун "бешке" жактаган

Дипломдук ишинин темасы «Жогорку Кеңештин депутатынын конституционалдык-укуктук статусу» деп аталган. Ал аны 2006-жылдын он тогузунчу майында «эң жакшы» деген баага жактаган.

Ректор белгилегендей, Садыр Жапаров ЖОЖду бүтүргөнүн тастыктаган диплом берилген.

Эске салсак, буга чейин аталган окуу жайда президент менен бирге окуган Дастан Бекешов аны кезикпегенин айткан.