Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары дайындалды

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп Марат Өскөмбаев дайындалды.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү буйрукка 19-январда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн министрдин орун басарын жалпы жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев тааныштырды.