2021-жылдын август айында Сокулук РИИБнө Ново-Павловка айылынын 32
жаштагы жашоочусу Ш.М. арыз менен кайрылып, чала тааныш эки жаран
2018-жылы Ново-Павловка айылындагы жаңы конуштардын биринин
жашоочуларына суу жана электр энергиясын киргизүүнү убада кылышып, 5 миң
сомдон 20 миң сомго чейин акча каражаттарын чогултушуп, айткан
убадаларын аткарышпай из жашырып кетишкенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу
же коротуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери
тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы
кылмышка шектелип, С.Д. аттуу жаран кармалган.
Кармалган жарандын үстүнөн дагы 35 ден ашуун факты боюнча териштирүү
иштери жүргүзүлүүдө.
Тергөө иштери улантылдууда.