
Казакстандын туңгуч президенти менен анын үй-бүлөсүнө банктык сыр кепилденип, эсептерине кол тийбестик берилген. Бул тууралуу маалыматты казак басылмалары жазып чыгышууда.
Казакстанда 2000-жылы эле «Казакстандын туңгуч Президенти жөнүндө» конституциялык мыйзам кабыл алынган.
Ага ылайык, Нурсултан Назарбаев менен анын үй-бүлөсүнүн кол тийбестиги бар.
Аталган мыйзамга ылайык, элбашы президент болуп турган кезде жасаган аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Аны ошондой эле камакка алууга, үйүн тинтүүгө, кармоого тыюу салынат.