Боомдо эки гектар аянт кургак чөп күйүп кетти

Боом капчыгайында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ 17-январда саат 20:15 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 147-чакырымында чөп өрттөнүп, жалпысынан эки гектар аянт кургак чөп күйүп кеткен.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.