Казакстанда башаламандыктардан кийин жогорку баскычтагы кызматкерлер жанын кыюууга барып жатканы кызыгуу жаратууда.
Айрым серепчилер алардын уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп сыпатташууда.
ВaigeNews.kz белгилегендей, Жанат Сулейменов өз жанын кыйган. Журналист Михаил
Козачков өзүнүн Telegram каналында Тараздагы тополоңдон кийин Сулейменовго кылмыш
иши козголгонун билдирди. Аны трибунал менен коркутушкан.
Ошондой эле, бүгүн, 10-январда маалым болгондой, Нур-Султан шаарында УКМКнын полковниги Азамат Ибраевдин жансыз денеси жашаган жериндеги үйдүн короосунан табылганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
“Бул факты Нур-Султан ШИИБнин Йесил РИИБ тарабынан 2022-жылдын 10-январында
№227116031000018 РИИБге катталган”, – деп айтылат маалыматта.
Учурда сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.
Буга чейин да Алматыда милициянын полковниги каза болгон. Ал иш ордунда, жүрөк
оорусунан каза болгону айтылууда.