Талант Мамытов Викрам Рузахуновдун кармалышына байланыштуу кайрылуу жасады

КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Викрам Рузахуновдун кармалышына байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө төрага Талант Мамытовдун кайрылуусу:

«Мекендешибиз, музыкант Викрам Рузахуновго коңшу өлкөдөгү башаламандыкка байланыштуу, олуттуу айыптар тагылып жаткандыгы баарыбызды бушайман кылууда. Өнөр адамы, таланттуу мекендешибизге байланышкан айыптоо иши тыкыр иликтөөнү талап кылат. Биздин тиешелүү органдар аталган маселени коңшу өлкөнүн компетенттүү органдары менен бирге изилдеп, адилет чечим чыгарат деген ишеничтемин. Жогорку Кеңештин депутаттары аталган окуяга көз салып, акыйкат чечилишин көзөмөлдөп турабыз. Биз эзелтен эриш-аркак жашаган, канатташ казак эли менен бир туугандык, достук мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдарбыз жана алакаларыбызга көлөкө түшүрчү көрүнүштөргө бирге каршы турабыз».

Эскерте кетсек, мурдараак, Казакстандын ЖМКлары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90 миң тенге сунушташкан.

Кыргызстанда видеодогу адам таанылып, ал КР жараны Викрам Рузахунов экендиги аныкталган. Ал пианист, аранжировкачы жана «ДжазБишкекВесна» фестивалынын аткаруучу директору болгон.

Туугандарынын маалыматы боюнча, кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов Алматыга тез-тезден сапарга барып турган. Жакында ал концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган. Алматыга баруу үчүн билет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынган жана Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00дө учуп кеткен.