Бишкек шаарынын аймагында бир жума ичинде 4 миң 224 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Анын ичинен:
— мас абалында автоунаа башкаруу — 93;
— автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 11;
— айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу — 38;
— жасалма номер менен автоунаа айдоо — 1;
— жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар — 108;
— башка жол эрежелерин бузуулар — 3 973.
Ал эми ар кандай эреже бузган 269 автоунаа айып короосуна киргизилген.