Жаңы жыл түнү Кыргызстан боюнча 265 ымыркай төрөлдү

Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, төрөлгөндөрдүн ичинен 133ү эркек бала, 128и кыз. Ошондой эле, бир эгиз балдар бар.

Алгачкылардан болуп Талас облустук бириккен ооруканасында салмагы 3160 грамм болгон эркек бала жарык дүйнөгө келген.

Эң көп төрөт Жалал-Абад облусунда болуп, анда 64 наристе төрөлгөн.