Каар жаап, аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам, Бишкек шаарынын аймагында туруктуу жашаарга үй-жайы жок жарандардын айрыкча түн ичинде көчөдө суукта тоңуп, же үшүп калып калган фактылары көп катталууда. Бул боюнча Бишкек ШИИББнын “102” кызматына да жарандар тарабынан көп кайрылуулар келип түшүүдө.
Мына ошондой туруктуу үй-жайсыз калган жарандарга карата милициянын кайгуул кызматы өз убагында ыкчам жардамын көрсөтүп, эки сутка ичинде сууктун күнүндө алардын убактылуу баш калкалаган жерлеринен, көчөлөрдө тоңуп калган жерлеринен, жер астындагы ысык суу өтчү суу түтүктөрүндө баш калкалаган жерлеринен, ошондой эле кабат үйлөрдун астындагы подьезде жана чоң көпүрөлөрдүн астында убактылуу баш калкалаган 15 үй-жайсыз жарандарды аныктап, аларды “Коломто” муниципалдык жайына жеткиришти. Ал жерден бул жарандар ысык тамак жана убактылуу түнөөчү жай, ошондой эле медициналык жардамдарды ала алышат.
Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы жарандарды үй-жайсыз калган жарандардын көчөдө үшүп, же тоңүп калган фактыларын байкаса дароо “102” кызматына кабарлоого чакырат. Алар да коомдун бир болүгү экенин унутпайлы.
Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.