Дүйнө кубогунда биринчи орунду ээлегендерди губернатор куттуктады

Бүгүн, 28-декабырда КРнын президенитинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев дүйнө кубогунда биринчи орунду ээлеген Бекмырза Досматов жана Элдияр Сексенбаевди кабыл алып, жетишкен ийгилиги менен куттуктады. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар ушул жылдын 18-19-декабрь күндөрү Россиянын Уфа шаарында өткөн чоңдор арасындагы дүйнө кубогунда Алыш күрөшү боюнча 82 килограмм салмакта биринчи орунду ээлешкен.

Облус башчысы спортчулардын эмгегин белгилеп, мындан кийинки ири мелдештерде да Кыргызстандын желегин желбиретип, алдыңкы орундарды камсыздоого тилектештигин билдирди.