
Токмок шаарында уурулук фактысына шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-декабрь күнү милицияга 1993-жылы туулган И.И. арыз менен кайрылып, 19-декабрга караган түнү Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде токтоп турган автоунаасынын терезесин белгисиз бирөө сындырып, автоунаадан 8000 сом акчасын уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.
«Ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган У.Е. аттуу жаран кармалган»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.