Жапаровдун иш сапарында жергиликтүү тургундарды мажбурлоо боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлүүдө

Президенттик администрация мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна сапары учурунда Барпы айылында мугалим, медицина кызматкерлери жол боюнда тизилип тосуп алган окуя боюнча комментарий берди.

«Президент Садыр Жапаров бул сыяктуу демилгелерге каршы. Жалал-Абад облусундагы окуяга байланыштуу бардык жагдайларды аныктоо үчүн анын ичинде жергиликтүү тургундарды мажбурлоо болгон-болбогону боюнча да кызматтык териштирүү жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун кортежин жолдун эки тарабына кырка тизилип тоскон жергиликтүү тургундардын видеосу тараган. Видео материалдан жашоочулар желектерди булгалап, президенттин кортежин тосуп турганын көрүүгө болот. Мындай көрүнүш кызуу талкуу жаратты.