
Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан жүктөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Интернационал айылында 1995-жылы туулган Кыргыз жараны А.Ш.нын башкаруусундагы Opel Zafira үлгүсүндөгү унаа кармалып, унаанын салонунан Тажикстанда өстүрүлгөн 470 килограмм мандарин табылган.
Ошондой эле Лейлек районунун Беш-Кент айылында чек ара отрядынын кызматкерлери тарабынан Ниссан үлгүсүндөгү унаанын 1988-жылы туулган айдоочусу кармалган. Текшерүү учурунда Тажикстандан 500 килограмм жүзүм алып кирүүгө аракет кылганы аныкталды.
Учурда териштрүү иштери жүрүүдө.