“Уят иш”: Атазов менен Касымалиева кайым айтышты

Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат.

Жыйында депутат Атазов менен төрагалык милдетти аткаруучу Аида Касымалиева кайым айтыша кетти.

Депутат Шайлообек Атазов вице-спикерди шайлоону күн тартипке киргизүүнү сунуштады.

«Вице-спикерди шайлоону күн тартибине киргизсек. Комитеттин чечими бар», — дейт Шайлообек Атазов.

Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева: «Комитеттин чечими бар болсо киргизебиз. Комитеттин төрагасы болобу шайланууга укугу бар. Жаңы депутаттар келгенге бир жума калганда вице-спикерди шайлаган моралдык жактан алганда уят иш», — деп билдирди.

Эске салсак, депутат Атазов мурда да айрым аял депутат менен айтышкан жайы бар. Ал буга чейин Айсулуу Мамашева менен айтышып кеткен.