Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду, – видео

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге борбордогу мейманканалардын биринде кол салуу болгонун өзү BULAK.KG сайтына берген интервьюсунда айтты.

Спорттук дене түзүлүшүндөгү 70тей белгисиз адам келип, уруп, согуп БШКнын алдында эмне үчүн башаламандык жаратып жатасыңар дегенин айтты.

5-10 мүнөткө созулган бул кол салуунун аягында беткапчан белгисиздер Текебаевдин жана жанындагылардын телефонун, көз айнегин алып кеткенин кошумчалады.

Мындай иш аракет бийликтин аброюна экинчи жолу шек келтирди деп айтуу менен, сөзсүз түрдө кол салгандардын башчылары кармалышы керек деп белгиледи

YouTube video