Эрулан Көкүлов: Костюм-шым мага проблема болду

Депутаттык образымды костюм-шым менен элестетиш эле мага проблема болуп жатат. Бул тууралуу ал массалык маалымат каражаттарына билдирди.

“Депутаттык образымды костюм-шым менен элестетиш эле мага «проблема» болуп жатат. Эртең менен туруп костюм-шым кийиш керек экенин, билбейм.

Мен негизинен ошону эле ойлонуп жатам, “кантип” деп. Анан дагы мага бирөөлөргө фамилиясынан кайрылган ачыгын айтсам такыр жакпайт мага. Эми ал советтер союзунуку да, андан чыгыш керек, жакшынакай эле атынан айтып “байке”, “эже” деп эле кайрылсак болот го”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, Эрулан Кокулов «Ынтымак» партиясынан ат салышып 18миң добуш алган.