
Бишкек шаарын жасалгалоодо улуттук оймо-чиймелер, жаңы жылдык фейерверктер жана карды бириктирген жаңы жылдык символдор колдонулат.

Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Бишкек мэриясы белгилүү дизайнер Нурбек Насыранбековго жана анын студиясына “Бишкек-2022” жаңы жылдык символикасын иштеп чыкканы үчүн ыраазычылык билдирет.

“Ала-Тоо аянтындагы башкы балатынын жасалгасы азыр кызуу жүрүп жатат”, – деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.
«Тазалык» муниципалдык ишканасы майрамдын негизги символу болгон балатынын каркасын орнотууну улантууда, балатыга 1400 даана балаты бутактары илинет. Балатынын бийиктиги 25 метрди, диаметри 12 метрди түзөт.