«Ата Мекен», «Азаттык», «Улуттар биримдиги» жана Социал-демократтар партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт. Бул боюнча алар маалымат жыйында билдиришти.
Партиялар добуштар бурмаланганын айтып, бийликтен кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.
Алардын айтымында, БШК маалыматтык сервери 40 мүнөт өчүп калган.
«Онлайн режиминде бүт дүйнөнүн алдында ушундай одоно бурмалоого барды. Аны коомчулук карап турду. Токтоосуз түрдө шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, Борбордук шайлоо комиссиясынын толук курамын, Министрлер кабинетинин отставкасын талап кылабыз. Башка шайлоо өтүшү керек», — деди Мелис Мырзакматов.