Муфтий добуш берди

Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Ракиев жарандык милдетин Ысык-Ата районундагы №7147 шайлоо участкасында аткарды.

Добуш берүүдөн кийин муфтий шайлоонун тынч өтүшүнө тилектештигин билдирип, элге тынчтык жана биримдик каалады.