
Жалал-Абад облусунда оор жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 26-ноябрь күнү саат 18:54 чамасында Чычкан капчыгайында “DAF” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жана 15 тонна өсүмдүк майы толугу менен күйгөн.
Тилсиз жоону өчүрүүгө эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 20:07 өрт чектөөгө алынган. Жабыркагандар жок.