Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат

Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотулат.

“Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Минск — Республика дарегинде жайгашкан, 1979-жылы ишке берилген жер алдындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын сызылып чыгуусун токтотуу иштерине байланыштуу 29-ноябрдан 2-декабрга чейин газ өчүрүлөт.

Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу, төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында газ өчүрүлөт: Фучик, Чоң Чүй каналы, 2-Черепки, Жибек Жолу проспектиси, 7705 аскер бөлүгүн от казаны.