ИИМ жарандарга өз ыктыяры менен курал-жарактарды тапшырууну эскертет

Республикабыздын бардык аймактарында милиция кызматкерлери “Арсенал” аталышындагы профилактикалык иш-чараларын өткөрүүдө.
Бул иш-чаралар мыйзамсыз жүгүртүүдөгү курал-жарактарды жана ок-дарыларды алууга, ошону менен бирге курал-жарактардын жана ок-дарылардын сактоо шарттарын бузууларын аныктоого багытталган.
Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарга акчалай сыйлоосу менен курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды өз ыктыяры менен тапшырууну эскертет.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренесинде каралган “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” кылмышты жасагандыгы үчүн 60 000 сом өлчөмүндө айып пул төлөөдөн 2 жыл 6 айга чейин кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган.
Ошондой эле, курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды өз ыктыяры менен тапшырган учурда жарандар кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулуп, төмөнкү өлчөмдө акчалай сыйлоолор төлөнөт:
1. Автоматтык гранатометтор, анын ичинде чет өлкөлүк, өндүрүштөгү гранатометтор түнкү кароолу бар жана кол менен жасалгандар (снаряды жок) – 16 000 сом;

  1. Пулеметтор, анын ичинде чет өлкөлүк өндүрүш жана түнкү кароолу бар пулеметтор – 16 000 сом;
  2. АК, АКМ, АКМС, АК-74, АКС-74, АКС-74у ж.б. тибиндеги автоматтар, анын ичинде чет өлкөлүк өндүрүштөгү түнкү кароолу бар автоматтар – 9 600;
  3. СВД, СВДС, СВДН согуштук снайпер винтовкалары, анын ичинде снайпердик атуу үчүн ыңгайлаштырылган узун стволдуу сайлуу түрдөгүлөр – 9 600 сом;
  4. Аңчылык карабини, анын ичинде аңчылык сайлуу кездиктер жана согуштук куралдар – 6 400 сом;
  5. Аңчылык сайлуу эмес мылтыктар, анын ичинде кездиктер, алмаштырылуучу, салынма стволдор – 3 200 сом;
  6. Колго жасалган атуучу түзүлүш (ок атуучу үчүн арналган буюмдар) – 1 600 сом;
  7. Аскердик жарылгыч заттар (тротил, гексоген жана башка жарылуучу заттар, анын ичинде алардан жасалгандар) – 100 гр. үчүн 1 600 сом;
  8. Өндүрүштүк багыттагы жарылуучу зат (аммонит, угленит ж.б.) – 100 гр. үчүн 840 сом;
  9. Кол гранатасы (окуу гранаталарынан башкалар) – 3 200 сом;
  10. Сапердук миналар жана атайын багыттагы инженердик ок-дарылар (окууда колдонулгандан башкалар) – 3 200 сом;
  11. Сайлуу курал-жарактардын ок-дарылары: 5,45; 7,62 жана андан чоң калибрдеги согуштук патрондор; 7,62 калибрдеги аңчылык патрондору – 1 даана үчүн 10 сом;
  12. Сайлуу эмес курал-жарактардын ок-дарылары – 1 даана үчүн 6 сом;
  13. Өзүн-өзү коргоо куралы, жаракат келтирүүчү октору бар курал, газ куралы – 3 200 сом;
  14. Пистолет же ок атуучу револьвер – 6 400 сом;
  15. Дары -100 гр. үчүн 100 сом.

ИИМдин Басма сөз кызматы