Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция боюнча министрлиги 2022-жылга өндүрүштүк календарды бекитти.
Анда жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс ала тургандыгын көрүүгө болот.
Маалыматка ылайык, 1-январь ишемби күнгө туш келгендиктен, 3-январь дүйшөмбү күнгө жылдырылат, башкача айтканда, эс алуу күнү катары саналат.
Ошентип кыргызстандыктар 1-2 жана 3-январь күндөрү эс алат.