«Жер-Ынтымак» конушунун жүздөгөн жашоочулары митингге чыгышты

Бүгүн, 18-ноябрда Бишкек шаарынын четиндеги «Жер-Ынтымак» конушунун жүздөгөн жашоочулары өкмөт үйүнүн алдына нааразчылык акциясына чыгышты. Алар жер маселесин чечип, трансформациялоо иштерин аягына чыгарууну талап кылышты.

Аталган конуштун жашоочусу жерди трансформациялоо боюнча маселе көптөн бери эле көтөрүлүп келгенин айтат.

«Биз өкмөттүн жүргүзгөн саясатына же алдыда боло турган шайлоого тоскоолдук кылалы дегенден алыспыз. 10 жылдан бери калаанын четиндеги «Жер-Ынтымак» конушунда жашайбыз. 1200 түтүн бар, бирок кызыл китеп берилбей келет. Мына ушунун айынан балдарга документ ала албай убарабыз.

Укугубуз тебеленип жатат. Жер мыйзамдаштырылып, кызыл китеп берилсин деген талап менен келдик. Бул боюнча Ленин райондук акимиат менен мэрияга кайрылдык. Башка аргабыз калган жок, акыркы үмүтүбүз менен президент Садыр Жапаровго келдик. Ал биздин көйгөйдү жазга чейин чечип берүү убадасын берди»,-деп билдирди акциянын катышуучусу.