Аламүдүндөгү тойкананын бириндеги кызга кол көтөргөн адам мас болгон, – Чүй ОИИББ

Чүй ОИИББ: Аламүдүн районундагы жайгашкан тойкананын бириндеги кызга кол көтөргөн боюнча билдиребиз
2021-жылдын 26-сентябрь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен 2002-жылы туулган жаран Б.М. кайрылган. Себеби аны Көк-Жар айылындагы бир ресторандын ичинен белгисиз адам тарабынан эч себепсиз сабалганын алганын билдирген.
Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча катталган.


Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралрынын натыйжасында белгисиз аамдын өздүгү аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан 1994-жылы туулган Э.А милиция бөлүмүнө жеткирилип, суракка алганда, ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мас экендигин билдирген.


Сотко чейинки өндүрүштө жабырлануучунун денесине келтирилген зыянды аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, анын кортундусуна ылайык жабырлануучунун ден соолугуна жеңил зыян келтирилгендиги белгилүү болгон.
2021-жылдын 10-ноябрь күнү жогорудагы жорукка шектүү деп Э.А., жаранына кабарлоо берилген.


Белгилеп кетсек учурда бардык керектелүүчү иш-чараларын жүргүзгөндөн кийин кыска убакыт ичинде сот тарабына материалдар жиберилет.


Ошону менен биргеликте жабырлануучу тарабынан бул факты боюнча милиция кызматкерлери каттабай коюшту деген мааламат чындыкка дал келбейт. Анткени милиция кызматкерлери бул факты дароо кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жорукар жөнүндө кодексинин 119-беренеси менен катташып бардык иш-чараларды жүргүзүшкөн.