Cербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде балбан кыз Айпери Медет кызы финалга чыкты.
76 кг салмакта күч сынашып жаткан Медет кызы жарым финалда АКШдан келген балбан кыз Килие Рене Велкерди 8:0 эсебинде жеңип алды.
Балбан кыз эртең, 4-ноябрда финалда Колумбиянын балбаны Татиана Рентериа менен күрөшөт.