Жакында төрөлгөн үч эм кызга Айсулуу Тыныбекова барды

Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызынын аты берилген үч эм бүгүн, 19-октябрда төрөт үйүнөн чыгарылды.

1249066.bd06205ee07e83b3810c3289290cd0d5 Жакында төрөлгөн үч эм кызга Айсулуу Тыныбекова барды

Аларды тосуп алуу үчүн белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова дагы келген. Балбан кыз үч эмди жарыкка алып келген Бермет Дубашевага белегин тапшырган.

Эске салсак, Бишкектин Перинаталдык борборунда төрөлгөн үч эм кызга эл аралык аренада мыктылыгын көрсөтө алган кыргызстандык спортчу кыздардын аты берилген. Ымыркайлар 5-октябрда 1 870, 2 160 жана 2 170 грамм салмак менен төрөлүшкөн.