Home Blog Page 1804

Камчыбек Ташиев: “Кылмыштуу топтун мүчөсү же жетекчиси башын көтөрүп көрсүн башын талкалайбыз”

13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов кылмыштуулук боюнча маселе көтөрдү. Ал УКМК жетекчилигине кайрылды.

Камчыбек Кыдыршаевич, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө министрлердин күчү жетпей калды. Бул маселени сиз дагы карабасаңыз. Бул маселени президенттин деңгээлине алып чыгалы. Көп кылмышкерлерди ордуна койдуңуз. Фармацевтика, бензин мафияны токтотуңузчу”, – деди ал.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттын сунушуна кылмыштуулук бир жыл мурун кандай болгон жана мурда мамлекетибизди кылмышкерлер ээлеп алганын эскертти. “Уюшкан кылмыштуулук баарын ээлеп алган. Алар мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга, ишканаларга кол салып башташкан. Бүгүнкү күндө андай жок. Азыр бир уюшкан кылмыштуулуктун мүчөсүбү, жетекчиси же башкасыбы башын көтөрүп көрсүн башын талкалайбыз”, – дейт.

Түркияда кыргыз келинин кайнатасы бычактап өлтүргөн

Түркияда Кыргызстандын жаранын мыкаачылык менен өлтүрүлүп, кылмышка шектүү катары анын кайын атасы кармалды. Бултууралуу 12-октябрда түркиялык маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка ылайык, окуя Текирдак шаарында болгон.

«65 жаштагы Фехми менен 31 жаштагы келини А.Аяттын ортосунда чыр чыккан. Аят менен Фехминин уулу 2 балалуу болушкан. Уруш кол көтөрүүгө чейин жетип, Фехми келини Аятты бычактап өлтүргөн. Андан кийин бул ишин жашыруу максатында маркумдун денесин бөлүктөргө бөлүп, теңин таштанды челекке, теңин автоунаанын багажына каткан», — деп айтылат маалыматта.

Ошол учурда маркум келиндин кайын энеси үйүнө барып, кошуналарын жардамга чакырган. Кошуналары полиция кызматкерлерине кайрылган.

Бир мандаттуу округдардан шайлоого катышууну каалаган 308 талапкерден арыз түштү

12-октябрь күнү кечкиге карата Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууну каалаган 308 талапкерден арыз түштү. Арыздарды кабыл алуу бүгүн, 13-октябрда саат 18:00дө аяктайт.

  • Парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Бул шайлоодо 54 депутат партия аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланат.

– Мамыров Кубатбек Шамырбекович — №31 Чүй-Кемин округу;

– Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич — №12 Өзгөн округу;

– Момонкулов Талгат Мелисович — №25 Аламүдүн округу;

– Өмүралиев Арыстанбек Мелисович — №34 Жети-Өгүз округу;

– Чодуев Эркинбек Урайымович — №10 Куршаб округу;

– Кожокеев Акылбек Алмарбекович — №30 Ысык-Ата округу;

– Маманова Розакан Султановна — №3 Кадамжай округу;

– Үмөталиев Артур Алимжанович — №15 Базар-Коргон округу;

– Сулайманкулов Медеркул Ормонович — №18 Ала-Бука округу;

– Капаров Чыңгыз Капарович — №33 Нарын округу;

– Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович — №31 Чүй-Кемин округу;

– Жаналиев Кенжебек Бектурович — №22 Жайыл округу;

– Абдылдаев Тынчтыкбек Кубатович — №19 Токтогул округу;

– Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович — №29 Свердлов округу;

– Досанов Нурбек Маликович — №3 Кадамжай округу;

– Жабаев Ринат Шаршенбекович — №23 Москва округу;

– Артыкбаев Гыламидин Урустомович — №2 Баткен округу;

– Ажымамбетов Актан Айылчиевич — №33 Кочкор округу;

– Ибраимова Атыркүл Сыйдалиевна — №23 Москва округу;

– Моңолдоров Данияр Черикович — №34 Жети-Өгүз округу;

– Мамаюсупов Абдыхалил Шадманович — №3 Кадамжай округу;

– Курманалиев Акыл Курманбекович — №24 Сокулук округу;

– Сулаев Жекшен Эсенбекович — №34 Жети-Өгүз округу;

– Темирбаев Мухаммад Миңбаевич — №8 Төлөйкөн округу;

– Эдигеев Жанат Асылбекович — №30 Ысык-Ата округу;

– Алибеков Шерахмад Халилович — №3 Кадамжай округу;

– Жанузаков Аманболду Медербекович — №35 Ак-Суу округу;

– Сариев Абаскан Казакбаевич — №31 Чүй-Кемин округу;

– Рыскулов Максат Борисович — №30 Ысык-Ата округу;

– Жансеитов Тынайбек Каныбекович — №31 Чүй-Кемин округу;

– Ханжеза Карим Ламзарович — №23 Москва округу;

– Эргешов Алмазбек Манасбекович — №17 Аксы округу;

– Маматалиев Нурбакыт Мухтарович — №7 Ош округу;

– Сайпидинов Эмил Жумабаевич — №7 Ош округу;

– Акунбеков Эрнист Абакирович — №15 Базар-Коргон округу;

– Абдыжапарова Нурбүбү Маатмусаевна — №15 Базар-Коргон округу;

– Бекжанов Жолдубай Талантбекович — №35 Ак-Суу округу;

– Жумаев Сайранбек Кенешбекович — №32 Кочкор округу;

– Карагулов Улан Айтбаевич — №31 Чүй-Кемин округу;

– Бакиев Кубанычбек — №15 Базар-Коргон округу;

– Кемелов Акыл Канатбекович — №34 Жети-Өгүз округу;

– Ешалиев Улан Жолдошбекович — №23 Москва округу;

– Исиралиева Анара Үсөнбековна — №25 Аламүдүн округу;

– Айталиев Таалайбек Дөөлөтказиевич — №21 Талас округу;

– Маматалиева Өмүркан Турсуналиевна — №3 Кадамжай округу;

– Абдираимова Назгүл Назыровна — №1 Лейлек округу;

– Шайдиев Алмазбек Усупбаевич — №17 Аксы округу;

– Алымбубаева Зулайка Бекатовна — №7 Ош округу;

– Камбаров Абдиллабек Ракманович — №13 Сузак округу;

– Мамытова Назгүл Туратбековна — №36 Ысык-Көл округу;

– Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич — №14 Жалал-Абад округу;

– Абдивалиев Артыкбай Турабидинович — №5 Ноокат округу;

– Жээнбеков Келдибек Эркинбекович — №14 Жалал-Абад округу;

– Алымбеков Бекмамат Аяназович — №29 Свердлов округу;

– Алтыбаева Айнуру Тойчиевна — №7 Ош округу;

– Галдыбаев Жаманкул Жолчуевич — №11 Алай округу;

– Курванбаев Сүйүнбек Бурканидинович — №3 Кадамжай округу;

– Иманкожоева Эркингүл Бекбачовна — №34 Жети-Өгүз округу;

– Камбарбек уулу Үсөн — №7 Ош округу;

– Самонов Нурдин Талантбекович — №29 Свердлов округу;

– Садыков Нурбек Аданбекович — №10 Куршаб округу;

– Жумабекова Акылсайра Кадыралиевна — №35 Ак-Суу округу;

– Имеров Мирбек Жаңыбаевич — №36 Ысык-Көл округу;

– Айтигулов Муктарбек Мукулович — №21 Талас округу;

– Чынтемиров Талантбек Керимбекович — №29 Свердлов округу;

– Жекшенов Мирлан Ратынбекович — №23 Москва округу;

– Бөлтүрүков Өмүрбек Аярбергенович — №35 Ак-Суу округу;

– Козубаев Муртазали Кутуганиевич — №9 Кара-Суу округу;

– Толанов Тынчтыкбек Абдыкадырович — №10 Куршаб округу;

– Макешов Кубанычбек Бектемирович — №26 Ленин округу;

– Эшмамбетов Руслан Төлөнович — №34 Жети-Өгүз округу;

– Алымов Адылбек Шарипович — №18 Ала-Бука округу;

– Марипов Бакытбек Асамидинович — №5 Ноокат округу;

– Абдразаков Бейшенбек Токтобаевич — №27 Биринчи май округу;

– Койчубаев Азамат Ашымович — №19 Токтогул округу;

– Төлөмүшов Бегали Пирмаматович — №2 Баткен округу («Бүтүн Кыргызстан» партиясынын атынан);

– Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич — №29 Свердлов округу;

– Жээнбеков Равшан Бабырбекович — №26 Ленин округу;

– Нурбек уулу Ормон — №32 Кочкор округу;

– Турсункулов Мирланбек Эшматович — №4 Көк-Жар округу;

– Енгалычев Евгений Равильевич — №27 Москва округу;

– Клипачева Елена Сергеевна — №27 Биринчи май округу;

– Момункулов Эмил Базаркулович — №25 Аламүдүн округу;

– Сагынбаев Дайыр Баяманович — №7 Ош округу;

– Асылбек уулу Дамирбек — №35 Ак-Суу округу;

– Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович — №20 Манас округу;

– Жусупов Аширбай Бапович — №1 Лейлек округу;

– Мырзаканов Раад Бакашевич — №23 Москва округу;

– Аянкулов Самат Шамусаевич — №33 Нарын округу;

– Жунусов Мелисбек Абдрасулович — №33 Нарын округу;

– Ташиев Анарбек Рыскулович — №26 Ленин округу;

– Жунусбеков Төрөкан Бейшенбекович — №21 Таласскому округу;

– Борочоров Талантбек Айсаракунович — №33 Нарын округу;

– Эсенаманов Мурат Кубанович — №26 Ленин округу;

– Юсупалиев Мунарбек Худайбердиевич (онлайн) — №2 Баткен округу;

– Мадалиев Асылбек Алтымышович (онлайн) — №2 Баткен округу;

– Акматова Динара Асанкуловна (онлайн) — №36 Ысык-Көл округу;

– Калматов Талас Сагынбаевич (онлайн) — №4 Көк-Жар округу;

– Эшенкулов Кулжамал Буланбекович — №25 Аламүдүн округу;

– Иманалиев Каныбек Капашович — №25 Аламүдүн округу;

– Артыкбаев Сейдахмат Жокобаевич — №13 Сузак округу;

– Азыгалиев Нурланбек Асанбекович — №22 Жайыл округу;

– Чакибаев Эмиль Акжолтоевич — №25 Аламүдүн округу;

– Бакасов Улан Болотбекович — №33 Нарын округу;

 Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич — №27 Биринчи май округу;

– Абдувалиев Довлотбек Маматурдалиевич — №6 Араван округу;

– Имматов Ина Имматович — №1 Лейлек округу;

– Матмусаев Жанышбек Мырзабекович — №19 Токтогул округу;

– Маннанов Ильхом Абдукахарович — №6 Араван округу;

– Мадинов Орозобек Капарбекович — №33 Нарыну округу;

– Шакиров Асан Шакирович — №13 Сузак округу;

– Каримбеков Абдисант Момунбаевич — №11 Алай округу;

– Төлөнов Данияр Эрмекович — №10 Куршаб округу;

– Мурсалиев Акылбек Рыскельдиевич — №31 Чүй-Кемин округу;

– Жаанбаев Тойгонбай Сейитказиевич — №33 Нарын округу;

– Сарымсаков Каныбек Кубанычбекович — №24 Сокулук округу;

– Иманкулов Талай Маданбекович — №23 Москва округу;

– Чойбеков Бактыбек Каныбекович — №21 Талас округу;

– Зулпуев Абдивап Момунович — №4 Көк-Жар округу;

– Калыков Улугбек Абдисатарович — №26 Ленин округу;

– Коргонбай уулу Жусупбек — №5 Ноокат округу;

– Касымов Нурлан Орозалиевич — №19 Токтогул округу;

– Омолдошова Айжан Рыскуловна — №32 Кочкор округу;

– Абдрахманов Азамат Абдилазизович — №4 Көк-Жар округу;

– Нурбаев Жалолидин Паязидинович — №6 Араван округу;

– Сыргабаев Замирбек Самаматович — №3 Кадамжай округу;

– Миркадыров Мухтар Мирсалиевич — №3 Кадамжай округу;

– Салымбаев Чыңгыз Жусупович — №14 Жалал–Абад округу;

– Жапанов Аттокур Асаналиевич — №32 Кочкор округу;

– Жолдошев Беки Кадырбердиевич —№5 Ноокат округу;

– Акматов Айданбек Акматович — №3 Кадамжай округу;

– Акылбеков Русланбек Акылбекович —№27 Биринчи май округу;

– Каниметов Адыл Жанкорозович — №35 Ак-Суу округу;

 Бакиров Өмүрбек Мирзаимович — №4 Көк-Жар округу;

– Рыскулбек уулу Нурмат — №22 Жайыл округу;

– Абдыразаков Нурсултан Эркинбекович — №9 Кара-Суу округу;

– Аспек уулу Азамат — №25 Аламүдүн округу;

 Керимкулов Нурлан Бейшенбекович — №32 округу;

– Карашев Аалы Азимович — №12 Өзгөн округу;

– Мамасыдыков Кумарбек Канболотович — №14 Жалал-Абад округу;

– Түмөнов Чыңгыз Сүйүнбаевич — №4 Көк-Жар округу;

– Абдувалиев Зарылбек Рубенович— №25 Аламүдүн округу;

– Бакыев Улукбек Хаджимуканович— №10 Куршаб округу;

– Таштанкулов Касым Абдусаматович — №1 Лейлек округу;

– Атамбаев Сейитбек Алмазбекович — №25 Аламүдүн округу боюнча «Социал-Демократтар» партиясынан;

– Максутов Мурсалим Султаналиевич — №3 Кадамжай округу;

– Эгембердиев Өмүрбек Калыбекович — 13 Сузак округу;

– Тешебаев Акимбай Сатылганович — №16 Ноокен округу;

– Матсаков Кадырбек Мусаевич — №16 Ноокен округу;

– Эргешов Толкун Турдукулович — №9 Кара-Суу округу;

– Келдибаев Төлөгөн Кыязович — №9 Кара-Суу округу;

– Жороев Исманали Эгембердиевич — №1 Лейлек округу;

– Ажыбеков Бактыгул Ажыбекович — №20 Манас округу;

– Самидинов Кумарбек Манапбаевич — №13 Сузак округу;

– Абдылдаев Таалайбек Дюшекеевич — №34 Ак-Суу округу;

– Назарбеков Мирлан Рысбекович — №20 Манас округу;

– Айтакунов Бактыбек Кубатович — №34 Жети-Өгүз округу;

– Примов Улан Бердибаевич — №11Алай округу;

– Токторов Абдыш — №27 Биринчи май округу;

– Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич— №2 Баткен округу;

– Арзибаев Бекболот Өскөнбаевич — №7 Ош округу;

– Аманкулов Эмир Эркинбекович — №22 Жайыл округу;

– Жолболдуев Памирбек Бакыевич — №4 Көк-Жар округу;

– Назарбаев Абдунаби Салыевич — №3 Кадамжай округу;

– Абылкасым уулу Канатбек — №2 Баткен округу;

– Абдылдаев Сооронбай Эргешович — №24 Сокулук округу;

– Ташиев Руслан — №31 Чүй-Кемин округу;

– Самыйкожо Мирлан — №32 Кочкор округу;

– Тоотаев Улукмырза Абдилашимович — №11 Алай округу;

– Койчуменов Мээримбек Нурбекович — №27 Биринчи май округу;

– Кунакунов Максат Касымжанович — №26 Ленин округу;

– Ниязалиева Дамира Абаскановна — №32 Кочкор округу;

– Жээнбаев Өскөнбай Сатыбаевич — №11 Алай округу;

– Мадылбеков Туратбек — №23 Москва округу;

– Рысбаев Равшанбек Рысбаевич — №4 Көк-Жар округу;

– Орозбаев Таалайбек Айтбаевич — №36 Ысык-Көл округу;

– Чомонов Манас Алишерович — №17 Аксы округу;

– Жакеев Алмазбек А. — №20 Манас округу;

– Ажибаев Чыңгыз Ильяскожоевич — №1 Лейлек округу;

– Карабаев Манасбек Токтогулович — №22 Жайыл округу;

– Алимбеков Нурбек Каарыевич — №8 Төлөйкөн округу;

– Исеналиев Эмирбек Аскеевич — №31 Чүй-Кемин округу;

– Шамшидин уулу Абдулхамид — №3 Кадамжай округу;

– Мамаев Замирбек Далилович — №22 Жайыл округу;

– Бакир Бакытбек — №9 Кара-Суу округу;

– Дүйшөналиев Болотбек Согушбекович — №19 Токтогул округу;

– Молдоташев Ишенбай Курманович — №35 Ак-Суу округу;

– Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович — №21 Талас округу;

– Оморов Чыңгыз Ашырбаевич — №18 Ала-Бука округу;

– Кожиев Мирбек Дүйшөнбекович — №23 Москва округу;

– Нурбаев Бакытбек Токтогулович — №6 Араван округу;

– Саипов Бактыбек Саипович — №11 Алай округу;

– Садалиев Улан Шейшенбекович — №24 Сокулук округу;

– Дунканаев Айбек Медетбекович — №25 Аламүдүн округу;

– Жапаров Талантбек Рысбекович — №34 Жети-Өгүз округу;

– Орозбаев Айбек Маматович — №8 Төлөйкөн округу;

– Мукарамов Асылбек Турабаевич — №1 Лейлек округу;

– Исмаилов Муратбек Кубанычбекович —№34 Жети-Өгүз округу;

– Зикиров Жусупбек Камчыбекович —№23 Москва округу;

– Олжобаев Баатырбек Бактыбекович — №34 Жети-Өгүз округу;

– Жолдошбаев Камчыбек — №26 Ленин округу;

– Мамбеткулов Максатбек Назиржанович — №13 Сузак округу;

– Супатаева Альфира Илиясовна — №35 Ак-Суу округу;

– Турков Мунарбек Максатбекович — №13 Сузак округу;

– Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич — №35 Ак-Суу округу;

– Кенжебаев Аманкан Батырбекович — №24 Сокулук округу;

– Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович — №21 Талас округу;

– Бекешев Дастан Далабайевич — №28 Октябрь округу;

– Абиров Жаныбек Болотбекович — №26 Ленин округу;

– Пасанов Эржигит Жетимишович — №10 Куршаб округу;

Осмонов Айбек Жапарович — №7 Ош округу;

Чокморов Болотбек Сексенбешович — №32 Кочкор округу;

Турганбаев Мелис Токтомамбетович — №28 Октябрь округу;

Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевич — №29 Свердлов округу;

Токтогулов Ербол Бекинович — №30 Ысык-Ата округу;

– Момунов Акат Акынович — №17 Аксы округу;

– Жумабеков Дастанбек Артисбекович — №20 Манас округу;

– Шакиев Нурланбек Тургунбекович — №17 Аксы округу;

– Матраимов Искендер Исмаилович — №9 Кара-Суу округу;

– Мамбеталиева Анара Хамзаевна — №36 Ысык-Көл округу;

– Бегалиев Болот Касымбекович — №25 Аламүдүн округу;

– Казакбай уулу Замирбек — №34 Жети-Өгүз округу;

– Бакееев Аскарбек Колхозбекович —№22 Жайыл округу;

– Тайлаков Арстанбек Кылычбекович — №26 Ленин округу;

– Дыйканов Максатбек Дыйканович — №2 Баткен округу;

– Жыргалбаев Нурбек Үсөнкулович — №30 Ысык-Ата округу;

– Ажибаева Жаңыл Бейшеновна — №36 Ысык-Көл округу;

– Мурадилов Бекболот Мурадилович — №3 Кадамжай округу;

– Райымкулов Бактыбек Кемелбекович — №22 Жайыл округу;

– Тарыкбаев Алмаз Нарынбекович — №31 Чүй-Кемин округу («Альянс» партиясынан);

– Сулайманов Алтынбек Турдубаевич (депутат) — №5 Ноокат округу («Альянс» партиясынан);

– Жунусалиев Рамис Майрамбекович — №24 Сокулук округу;

– Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович — №33 Нарын округу;

– Сарбагышев Максатбек Канатбекович — №36 Ысык-Көл округу;

– Мурашев Нурбек Мурпазылжанович (депутат) — №16 Ноокен округу;

– Дүйшенбиев Райимберди Сейдакматович (Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын мурдагы жетекчиси) — №16 Ноокен округу;

– Сардарбеков Сабырбек — №32 Кочкор округу;

– Божонов Замирбек Сабиржанович — №11 Алай округу;

– Салихов Кеңеш Каримович — №2 Баткен округу;

– Аширалиев Чынтемир Камчыбекович — №2 Баткен округу;

– Кулматов Эделбек Маматкулович — №13 Сузак округу;

– Шамырканов Болотбек Муратбекович — №34 Жети-Өгүз округу;

– Токтобаев Сүйүнбай Жумаканович — №17 Аксы округу;

– Сагымбаев Канат Райымбекович (УКМКнын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин мурдагы кызматкери) — №34 Жети-Өгүз округу;

– Хасанов Канат Зерликович — №36 Ысык-Көл округу;

– Ботобаев Айбек Курманович — №31 Чүй-Кемин округу;

– Турсунбаев Азизбек Атакозуевич (ЖК депутаты) — №18 Ала-Бука округу;

– Сулайманов Кундузбек Кошалиевич — №19 Токтогул округу;

– Иманкулов Эркин Токтаалиевич — №22 Жайыл округу;

– Исламбеков Белек Мамасалиевич — №2 Баткен округу;

– Абдрахматова Атыр Болотбековна (БШКнын мурунку мүчөсү) — №34 Жети-Өгүз округу;

– Кыдырмышев Руслан Жаманакович (президенттин кеңешчиси) — №28 Октябрь округу;

– Сатыбалдиев Элмурза Ракиевич (мурунку башкы прокурор)— №12 Өзгөн округу;

– Мелисов Азамат Канатбекович — №32 Кочкор округу;

– Токтакунов Нурбек Акбарович (адвокат) — №27 Биринчи май округу №27;

– Калдарбеков Элдияр Султанович — №25 Аламүдүн округу;

– Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович — №21 Талас округу;

– Таштанбеков Акбөкөн Дукенович — №30 Ысык-Ата округу;

– Бөлөкбаев Эркин Касымович — №23 Москва округу;

– Ибраев Саматбек Кулукеевич — №34 Жети-Өгүз округу;

– Дүйшөналиев Нурлан Кадырбекович — №31 Чүй-Кемин округу;

– Асанбаев Майрамбек Жекшенович — №32 Кочкор округу;

– Кулбараков Автандил Илдузович — №32 Кочкор округу;

– Мурзакматов Байжигит Мамаюнусович — №4 Көк -Жар округу;

– Абдрахманов Азамат Абдилализович — №4 Көк -Жар округу;

– Икрамов Тазабек Икрамович — №13 Сузак округу;

– Мусагул уулу Амантур — №32 Кочкор округу;

– Мадмаров Уланбек Аданбекович — №4 Көк -Жар округу;

– Сурналиев Талгат Чыныбекович — №36 Ысык -Көл округу;

– Обдунов Элмурат Адбувапович — №6 Араван округу;

– Сарбагышев Талантбек Кыдыргазиевич — №36 Ысык -Көл округу;

– Абдылдаев Райымбек Жумагулович — №33 Нарын округу;

– Карагулов Кубанычбек Нарынбекович — №26 Ленин округу;

– Аширбаев Элкинбек Токтогонович — №24 Сокулук округу;

– Сегизбаев Мирбек Абдрахимович — №1 Лейлек округу;

– Ганыев Каныбек Токтоматович — №3 Кадамжай округу;

– Атажанов Ырысбек Ысламович — №3 Кадамжай округу;

– Жээнбеков Жусупжан Амражанович — №13 Сузак округу;

– Лилиенталь Юлия Викторовна — №13 Сузак округу;

– Саккараев Медербек Жаманкулович — №31 Чүй-Кемин округу;

– Абакиров Аскар Жумабекович — №31 Чүй-Кемин округу;

– Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахапович — №13 Сузак округу;

– Сариев Акылбек Аблабекович — Нарындагы №33 шайлоо округу;

– Малиев Арсланбек Касымакунович — Жети-Өгүз районундагы №34 шайлоо округу;

– Дурсунов Атамша Латифович — Ысык-Ата районундагы №30 шайлоо округу;

– Ибраимов Санжар Кубанычбекович — Алай районундагы №11 шайлоо округу;

– Сейтказиев Анаш Токтосунович — Чүйдүн Кемин районундагы №31 шайлоо округу;

– Танабаев Нурлан Исамидинович — Куршаб айылындагы №10 шайлоо округу;

– Курманов Байыш Жантаевич — Ысык-Ата районундагы №30 шайлоо округу;

– Алтынбеков Айбек Алтынбекович — Базар-Коргон районундагы №15 шайлоо округу;

– Нурланбеков Актилек Нурланбекович — Ленин районундагы №26 шайлоо округу;

– Насиров Абдижамил Жусупович — Кадамжай районундагы №3 шайлоо округу;

– Исаев Канатбек Кедейканович — Чүйдүн Кемин районундагы №31 шайлоо округу;

– Төлөгөнов Бакыт Талантович — Жети-Өгүз районундагы №34 шайлоо округу;

– Алымжанов Айбек Орозбекович — Кочкор районундагы №32 шайлоо округу;

– Шаимкулов Манас Каныбекович — №14 Жалал-Абад окуругу;

– Бекмуратов Баймурат Асатович — Лейлек районундагы №1 шайлоо округу;

– Талипов Нурали Орозалиевич — №3 Кадамжай шайлоо округу;

– Арстанбеков Акылбек Советбекович — Ноокен районундагы №16 округ боюнча;

– Тукунов Акжолтой Шакирбекович — Ысык-Көл районундагы №36 округ боюнча;

– Сыдыков Бактыбек Үсөнович — №16 Ноокен округу;

– Кебекбаев Сабыралы Тойчуевич — Сузак районундагы №13 округ боюнча;

– Усупов Тилек Сабырович — Октябрь районундагы №28 округ боюнча.

Нурбаев Жапаровго: “Сиз алып келген адам ваучер эмне экенин билбей жатат”

Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин курамы каралып жатканда депутат Абдывахап Нурбаев Акылбек Жапаровдун командасына президент ант берүү аземинде билим берүү тармагына ваучерди киргизүү боюнча сөздөрдү айтканын эске салды. “Бирок Билим берүү министрлиги тарабынан кадамдарды көрбөй жатам”, – дейт ал.

Билим берүү жана илим министрлигине талапкер Болотбек Купешев билим берүү системасындагы маселелерди издилдеп чыкканын билдирди. “Ваучерди сизден биринчи жолу угуп жатам”, – деди ал. Ошол эле учурда Акылбек Жапаров тынчсызданып, ал ваучер эмне экенин билээрин айтты.

Депутат Министрлер кабинетинин милдетин аткаруучусу Акылбек Жапаровго: “Мындай команда менен кайда барасыз? Ваучер эмне экенин билбей жатышат”, – деди.

Акылбек Жапаров: “Жакшы жакка барам. Ваучер эмне экенин түшүнөм. Түшүнбөсө түшүндүрөбүз же түшүнө турган адамды алып келебиз”, – деп кырдаалдан чыкты.

“Табияттан идеалдуу бийлик болбойт”, – Акылбек Жапаров

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин курамы каралып жатат. Анда Акылбек Жапаров баяндама жасап, жоопкерчиликтүү кызматка баратканын айтты.

“Эмне өзгөрдү, эмне өзгөрөт? Биз баарыбыз өзгөрдүк, доор алмашты. Бир жыл мурун өзгөрүү болду. 3 революция болду. Бардык толкундоолордун натыйжалары убагы келгенде тарых өз баасын берет. Бир дагы революциядан кийин мамлекеттүүлүктү жоготуп алган жокпуз. Алар эмне деп айтышпасын залда отургандардын эмгеги бар. Бийлик күтүүсүздөн идеалдуу болуп калбайт. Табияттан идеалдуу бийлик болбойт”, – дейт Жапаров.

Карамат Орозова: “Баткенден Министрлер кабинетинде бир да өкүл жок”

Депутат Карамат Орозова Акылбек Жапаровдун программасында чек ара боюнча чек ара коопсуздугу абдан опурталдуу маселе экендигин белгиледи. Баткен абдан курч облус катары бааланат. Министрлер кабинетинде эмнеге бир да адам жок деген суроосуна Министрлер Кабинетинин милдетин аткаруучусу Акылбек Жапаров мындай жооп берди:

  • – Атайын бизде чек ара боюнча такай иштеп келген вице-премьер бар. Учурда Садыр Жапаров сиз айткан суроолор боюнча алектенип жатат. Убакыт, доор азыр башка. 5 жылдык стратегиянын ичинде Баткен да бар. Атайын фонд, болот. Сиздердин тапшырманыздыр менен 5 миллион сомду эки облуска болгон финансылык жардам болот. 2-3 жылдын ичинде Баткен облусу жогору денгээлде болот.
  • Ошондой эле Карамат Орозова Баткендин маселесин жакындан билген адам болуш керек, министрлер кабинети Баткенге барып жашап, жакындан таанышса кандай болот эле деген сунушуна Жапаров биринчи отурум Баткенде болот деп жооп узатты

Шайлообек Атазов “Кумтөрдүн” жетекчисин чакырууну сунуштады

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин Министрлер кабинетинин курамын кароо боюнча депутаттар чогулду. Жыйында депутат Шайлообек Атазов “Кумтөрдүн” жетекчисин чакырып, маалымат угууну сунуштады.

“Массалык маалымат каражаттары октябрь окуясына бир жыл толду, мамлекет эмнеге жетишти деп жазышууда. Бүгүн күн тартибине “Кумтөрдүн” жетекчисин чакырып, маалымат угалы. Биз “Кумтөрдү” алганыбыз мамлекеттин жетишкендиги деп жооп берип жатабыз. Мамлекетке элдик президент келди деп айтып жатабыз. Келишимдерди колдоп бердик. Бул маселе боюнча ар түрдүү сөздөр айтылып жатат. Улуттук банк менен маселеси бар экен деген сөздөр айтылып жатат. Аскар Акаев келип туугандары менен жолугуп кетти. Андан кийинки президенттердин тиешеси барбы? “Кумтөрдүн” чыныгы күнөөкөрлөрүнүн канчасы камала элек? “Кумтөрдүн” үстүндө болуп жаткан сөздөргө чекит коюп маалымат угалы”, – деди Атазов.

Парламентте Министрлер кабинетинин курамын каралып жатат

 Бүгүн, 13-октябрда саат 10:00дө парламент имаратынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү жөнүндө;

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-июнундагы № 4701-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан «Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын макулдашылган варианты;

3. «2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Корея Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамдын долбоору;

4. «2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Венгрия өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамдын долбоору;

5. «2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Армения Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамдын долбоору;

6. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору;

7. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Жарнама жөнүндө», «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору;

8. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин иши тууралуу.

Улукбек Марипов видеокайрылуу жасады

Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Улукбек Марипов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видеокайрылуу жасады.

Ал төрагалык кызматта 250 күн иштегенин белгиледи. Ал биринчи кезекте элге, президентке жана депутаттардан тартып, катардагы кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле, ал кыйын кырдаалда иштегендигин белгиледи.

Марипов жаңы төраганын милдетин аткаруучу менен чогуу жемиштүү иштегенин жана ал тажрыйбалуу, дасыккан жетекчи экенин айтат.

“Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Жапаровдун ишине ийгилик каалайм, командасы менен бирге президент, эл койгон талаптарды так аткарганга толук мүмкүнчүлүк жана шартары бар”, – дейт ал.

Эскерте кетсек, Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын – президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп

www.facebook.com/watch/live/?ref=watch_permalink&v=921136315166296&t=140

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Ош шаардык милициясын текшерди


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов Ош шаарына иш-сапары менен текшерди.
Ал, Ош шаардык ички иштер башкармалыгында, башкармалыктын Ак-Буура жана Сулайман тоо милиция бөлүмдөрүндө, Ош шаардык ИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматында болду. Кызматкерлер жумуш кааналарында болуп, алардын кызмат шарттары менен таанышып чыкты. Кызмат учурунда пайда болуп жаткан айрым маселелерди сурады. Аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу зарылдыгын белгилеп, бөлүмдөрү менен кызматтарында болуп, алардын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү менен жеринде таанышып чыкты. Аныкталган айрым кемчиликтерди тез арада жоюу талабын койду.
Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматында болгон министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов кызматкерлердин атайын каражаттары, авто-мототехникалары жана нөөмөт бөлүмү менен таанышты. Кызмат учурунда пайда болуп жаткан айрым маселелер боюнча сурады. «Бүгүнкү күндө жаӊыдан түптөлүп келе жаткан милициянын кайгуул кызматына элдин ишеними чоӊ. Ошол ишенимди жоготпой, элге чын дилден кызмат өтөөнү уланта бериӊиздер. Эч кандай коррупциялык көрүнүштөр болбошу керек. Бүгүнкү тартиптегидей кызмат өтөө улансын. Мамлекет Сиздердин ак кызматыӊарды дайыма колдоого даяр»,- деп билдирди Октябрь Урмамбетов.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов Ош шаардык ички иштер башкармалыгында башкармалыктын Ардагерлер кеӊешинин иши менен таанышып чыкты. Ардагерлер кеӊешинин төрагасы Касым Кадыров менен болгон баарлашыуусунда ИИО ардагерлеринин бүгүнкү күндөгү абалына, ден соолугуна кызыкты, зарыл болгон жардамдар көрсөтүлө тургандыгын белгилеп өттү.
Андан соӊ, башкармалыктын бөлүм менен кызмат башчылары менен жыйын өткөрүлдү. Жыйында бүгүнкү Ош ШИИБнын кызматкерлерине өткөрүлгөн окуу айгайынын (учебная тревога) жыйынтыктары айтылды. Октябрь Урманбетов кызматкерлерге мыйзамдуулукту коргоп, кызматтык тартипти бекем сактоону талап кылды. «Ар бир кызматкер жарандык коомдун мүчөсүнө өзүнүн жүрүм-туруму, мыйзамдуулукту сактоосу менен үлгү көрсөтүшү керек. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жарым жылдын жыйынтыгы менен өткөн коллегиясында укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого багытталып иштелип чыгарылган негизги 4 талапты аткаруу зарыл» – деп баса белгиледи. Ошондой эле жыйында алдыда келе жаткан ири саясий иш-чара учурунда коомдук тартипти сактоо багытындагы көрүлө турган иш-чараларды талкууланды.
Чогулуштун жыйынтыгында, ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун кызматкерлердин эч бир шайлоо процессинде кийлигишпөөсү жана үгүт иштерине аралашпоосу зарылдыгы боюнча талабы өздүк курамга дагы бир ирет каттуу эскертилди.

Ош шаардык ИИБнын
Басма сөз кызматы