Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

 Бүгүн саат 12:34тө Кыргызстанда жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ачык-Суу айылынан түштүк-чыгышка карай 15 чакырым, Кызыл-Кыя шаарынан түштүк-чыгышка карай 103 чакырым аралыкта жайгашып, күчү 3 баллга жеткен.

Жердин силкинуүчү Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.