
Бүгүн, 19-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев тыюу салынган жерлерге токтотулган унааларды эвакуация кылууну токтотууну талап кылды.
Ал бул көйгөй менен көптөгөн жарандардан кайрылганын билдирди. Эл өкүлү жол коопсуздугу кызматкерлери унаалар тоскоол жаратып жаткан жерден эмес, өздөрүнө ыңгайлуу жерлерге барып жүктөп кетип жатканын жана ага чоң айып пул төлөнөрүн айтты.
“Эки чакырым жерден сүйрөтүп кетишет экен дагы, эвакуатор кызматы үчүн 2000 сомдон алышат экен. Бул тарифти ким койгон? Антимонополия бул маселени карашы керек. Ага кошумчаайдоочулар айып пул да төлөшөт. Бул аз келгенсип сүйрөтүп
Эл өкүлү айдоочу унаа токтотууда эржени бузган учурда башкача чара көрүлүүсүн сунуштады. “Андан көрө инспекторлор унааларга айып пул кагазын чаптап коюшсун. Айып пулдун көлөмүн 300 сом эмес, эки эсе 600 сомго көтөрөлү. Буга айдоочулар да макул болуп жатышат”,- деди ал.