
18-июндан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы үч көзөмөл-өткөрмө пункту 24 сааттык иш тартибине өтөт. Бул тууралуу Фергана облусунун акимиатынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Фергана» чек ара-бажы пункту, Шахимардан айылындагы «Оккия» бажы пункту жана «Сох» өткөрмө постунда жайгашкан «Чашма» көзөмөл пункту күнү-түнү үзгүлтүксүз иштеп баштайт.
Бул чара жарандардын өтүүсүн жеңилдетүүгө жана эки өлкөнүн чек арасындагы өткөрмө пункттарда кезек күтүү көйгөйүн азайтууга багытталганганы айтылат.