ТИМ: АКШ консулу менен миграциялык өзгөрүүлөр талкууланды

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу АКШ элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн башчысы Кейт Коллинзге жолугушту. Бул тууралуу башкы дипломатиялык мекеменин басма сөз кызматы 17-июнда билдиргендей, тараптар АКШнын миграциялык саясатындагы акыркы өзгөрүүлөргө жана кыргыз жарандарына ыктымал таасирине өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында консулдук жана миграциялык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары да бекемдөө максатында үзгүлтүксүз байланышта болуу тууралуу макулдашууга жетишилди.

“Министрлик Кыргызстандын жарандарына АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоо зарылдыгын дагы бир жолу эскертет. Аталган өлкөдө жүрүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн бузуу, анын ичинде визанын жарактуулук мөөнөтүн өткөрүп жиберүү – камоого, депортация кылууга жана АКШга кайра кирүүгө туруктуу тыюу салууга алып келиши мүмкүн”, – деп жазылган маалыматта.

Бул жолугушуу АКШ 36 мамлекеттин катарында Кыргызстандын жарандарына да өз аймагына кирүүгө тыюу салышы мүмкүн экени тууралуу маалымат жарыялангандан кийин орун алды. Тышкы иштер министрлиги АКШдан бул боюнча расмий билдирүү ала электигин белгилеп, “бул тизменин кантип түзүлгөнү Кыргызстан үчүн “түшүнүксүз болуп жатканын” 16-июнда билдирген. Бул маселени талкуулоо үчүн АКШ элчилигинин консулун чакырганын тактаган.