
2025-жылы Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын коргогон спортчулар — Айпери Медет кызы жана Раззак Бейшекеев чоң ийгиликке жетишип, өлкөбүздүн атын дагы бир ирет дүйнөгө таанытышты.
Бул зор жеңиштерин эске алуу менен, аларга «Альянс Алтын» компаниясы тарабынан атайын сыйлыктар тапшырылды.
Айпери Медет кызы алтын медаль тагынып, 200 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болсо, күмүш медалдын ээси Раззак Бейшекеевге 100 миң сом берилди. Сыйлыктарды компаниянын башкы директору Сабир Рахматов өзү тапшырып, спортчулардын кесипкөйлүгүн, өжөрлүгүн жана Кыргызстандын желегин эл аралык аренада бийик көтөргөндүгүн белгилеп өттү.
— «Альянс Алтын» мындан ары да спортту колдойт. Спортчуларыбыздын ийгиликтери — бүтүндөй улут үчүн сыймык жана келечек муунга үлгү», — деди Сабир Рахматов.
Өз кезегинде Айпери Медет кызы менен Раззак Бейшекеев мындай колдоо спортчулар үчүн чоң стимул экендигин баса белгилешти.
Айпери Медет кызы:
— «Альянс Алтын» компаниясы спортко гана эмес, жалпы мамлекетке чоң салым кошуп келет. Бул — биз үчүн чоң мотивация», — деп билдирди.
Компания өзүнүн социалдык жоопкерчилигинин алкагында спортту колдоону улантып, Кыргызстандын спорт маданиятын өнүктүрүүгө салым кошуп келет.
Алардын ишениминде, спортчулардын ийгилиги жаштарды сергек жашоого жана жогорку жетишкендиктерге умтулууга шыктандырат.