
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерин зордуктоого кабылган 15 жашар кыздын укугун коргоп, кечиктирилгис чараларды көрүүгө чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Акыйкатчы институтуна зордуктоо фактысы тууралуу маалымат келип түшкөндөн тарта кызматкерлер кыздын учурдагы абалына көзөмөл жүргүзүүдө. Кызматкерлер кыздын өзү менен жолугушуп, анын абалынан кабар алып келди.
Андан сырткары, маалымат боюнча укук коргоо органдарынын аракеттерине дагы мониторинг жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, Ысык-Ата районунун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлерине 15 жаштагы өспүрүм Сузак районунун тургуну 43 жаштагы өгөй атасы тарабынан зордукталып келгенин айтып берген. Ал бул маалыматты сурак учурунда да тастыктаган.
Жабырлануучунун айтымында, 2024-жылдын күз айларында кыздын апасы чет өлкөгө эмгек мигранты болуп иштеп кетип, 3 кызын (зомбулукка кабылган кызы мурунку турмушунан, калган экөө азыркы күйөөсүнөн) жолдошуна таштап кеткен. Бир канча убакыттан кийин кыздарын Чүй облусунда жашаган өкүл апасына жөнөткөн. Кыз эки бир тууганы менен Ысык-Ата районунда убактылуу жашап, билим алып жаткан.
2025-жылдын апрель айында кыздарды кайрадан атасынын колуна жөнөтөр алдында өспүрүм ыйлап, болгон окуяны аларды карап жаткан аялга айтып, Сузакка баруудан баш тартат.
Убактылуу багып келген аял бул окуяны Ысык-Ата РИИБине 16-апрелде билдирген.
Милиция өспүрүмдү суракка алып, соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Учурда жыйынтыгы чыга элек.
Ал эми кыз убактылуу балдар борборуна жайгаштырылып, жанында апасы жок болгондуктан, социалдык кызматкерлердин камкордугуна алынды.
Ысык-Ата РИИБи иш боюнча материалдарды окуянын болгон жери Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБне жөнөттү.
Ал эми Сузак райондук ички иштер башкармалыгы кыздын өгөй атасы кармалып, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (“Зордуктоо”) менен кылмыш ишин козгогонун маалымдады. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Акыйкатчы кыздын укуктарын жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө чакырып, тиешелүү мамлекеттик органдарга расмий каттарды даярдап жатат.