«KG Групп» компаниясынын үйлөрү жарыксыз калат. Кылмыш иши козголду

«KG Групп» компаниясы курган бир нече үйлөрдүн электр жарыгынын өчүрүлүшү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында депутат Жаныбек Абиров билдирди.

Анын айтымында, ишкана жашоочулар бир жарым жылдан бери электр энергиясы үчүн төлөп келген акчаны өздөштүрүп алган. Тергөө иштерин прокуратура жана УКМК жүргүзүүдө.

Жаныбек Абиров жалпысынан 750 үй-бүлө жашаган 3-4 үйдүн электр энергиясы өчүрүлө турганын билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев курулуш компаниясы «Электросила» бөлүштүрүү компаниясына 21 миллион сом карыз экенин, акыркысы электр жарыгын берүүнү көздөбөй калганын билдирген.