
Укук коргоочу Рита Карасартова 2025-жылдын 12-майына чейин камакта калды. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Адил Жаныбек уулу чыгарды.
Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү «Массалык баш аламандык» боюнча айып тагылган.
Адвокат Жаныш Бараков камакка алуу чечими негизсиз деп эсептейт. Жактоочу тарап аны шаардык сотко даттанууга ниеттенүүдө.
Анын айтымында, тергөөдө Рита Карасартованын укук коргоо органдарынан жана тергөөдөн жашырып, тергөөгө тоскоол болот деген документ түрүндө эч кандай далил келтирилген эмес.
Эске салсак, укук коргоочу 14-апрелде активист Тилекмат Күрөңовдун тарапкерлерине козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Алар массалык баш аламандыктарды даярдаган деп айыпталган.
Адвокаттын айтымында, ал Тилекмат Күрөңовдун бир нече ай мурун жиберген катын гана жарыялаган. Эгер ага бир нерсе болуп кетсе коомчулукка жарыялоо өтүнүчү менен жазган. Катта эч кандай кайрылуулар жок. Автор анын үй-бүлөсүнө жана досторуна сунуштарын айткан.