
Бүгүн, 8-апрелден тарта № 55, 56 автобус каттамдарынын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөрүлөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, өзгөртүүлөр транспорттук тейлөөнү жакшыртуу, жүргүнчүлөрдүн жолго кеткен убактысын кыскартуу жана ыңгайлуулукту жогорулатуу максатында киргизилүүдө.
№ 55 каттам «Чоң-Арык — Маевка МАБ» багытында каттайт. Буга чейин автобус Семетей көчөсү жана Айланма жол аркылуу каттаса, эми кыймыл Жибек-Жолу проспектиси жана Махатма Ганди көчөсү аркылуу уюштурулат. Бул өзгөртүү Чоң-Арык менен Маевканын ортосунда түз жана ыңгайлуу каттамды камсыз кылат.
№ 56 каттам «Чоң-Арык — Аламүдүн-1» багытында каттайт. Буга чейин автобус айланма жол (кольцевой) схема менен жүрсө, эми ал Байтик баатыр, Жумабек, Салиева жана М. Ауэзов көчөлөрү аркылуу каттайт.