Бүгүн Жаш Гвардия бульварынын бир бөлүгү жабылат

Бүгүн, 1-апрелден тарта Жаш Гвардия бульварынын батыш тарабы Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабык болот.

Ал эми чыгыш тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл түзүлдү. Коомдук транспортто эч кандай өзгөрүүлөр болбойт.

Белгиленгендей, подрядчы «ДорСтрой Групп» ЖЧКсы.