Таласта токойдо дагы өрт чыгып, 6 гектар жер күйдү

 Күн мурун Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айылында токойдо өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө Бакай-Ата райондук №93 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, Айтматов райондук №91 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылды.

Ошондой эле Бакай-Ата айыл аймагынан 3 кызматкер, 1 экскаватор, КР ИИМден 5 милиция жана жергиликтүү тургундардан 8 адам тартылып, тилсиз жоо 22:52де толук өчүрүлдү.

Белгилей кетсек, болжол менен 5-6 гектар аянт күйгөн.

“Жабыркагандар жок. Өрттүн себеби такталууда.”,-деп айтылат маалыматта.