
Бүгүндөн баштап Бишкектин борбордук көчөлөрү 5 күнгө жабылды. Чектөө Нооруз майрамына карата киргизилерин Кайгуул кызматы билдирди.
18-март саат 22:00дөн 23-мартка чейин төмөнкү көчөлөр жабылды:
▪ Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;
▪ Раззаков көчөсүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
▪ Орозбеков көчөсүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү.