
УКМК Араван айылынын Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 0,33 гектар болгон Араван автобекетинин мамлекеттик балансына кайтарылды.
2000-жылдары автобекеттин аймагы «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамды бузуу менен жеринде соода жайларын уюштуруп, стратегиялык объектини толук реконструкциялоо иштерин жүргүзгөн 29 жеке ишкерге мыйзамсыз берилип кеткени аныкталган.
Текшерүү учурунда менчик ээлери өз ыктыяры менен мүлктү Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп беришкен.