Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы мектепте окуучу кыз өз жанын кыйды.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бул окуя 5-февралда болгон. 17 жашар кызды дене тарбия мугалими көрүп калып, Жети-Өгүз райондук ооруканасына жеткиришкен, андан кийин Бишкектеги бейтапканага которушкан. Тилекке каршы, өспүрүм 14-февралда каза болгон.
Бул окуя боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.