Атайын кызмат Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А. 22 миң доллар пар алуу фактысы менен кармады. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Эске сала кетсек, 13-февралда УКМК Ленин райондук сотунун судьясын кармап, тергөө абагына киргизген.
«Ленин райондук сотунун судьясы А.М.Анын пара алуу фактысы аныкталып, ал ортомчу аркылуу жактоочу М.С.А. каралып жаткан жарандык иш боюнча оң чечим чыгарганы үчүн 22 миң доллар алган», — деп айтылат маалыматта.
Мындан улам Башкы прокурору тарабынан Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А.га жана адвокат М.С.А.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин «Жооптуу кызмат адамы тарабынан ири өлчөмдө пара алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында коррупциялык схеманын бардык катышуучулары күнөөсүн мойнуна алышкан.
Азыркы учурда жогоруда аталган фактыларды документтештирүүгө, ошондой эле судья А.М.А.нын жана башка адамдардын ушундай эле кылмыш иштерин аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү улантылууда.