АКШнын борбору Вашингтондо учак Потомак дарыясына кулап түштү. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги билдирди.
Агенттиктин маалыматы боюнча, кырсык Ак үй менен Капитолийден төрт чакырымдай түштүктө жайгашкан Рональд Рейган аэропортуна жакын жерде болгон.
Вичитадан Вашингтонго пландалган рейс менен учуп келе жаткан учак конуу учурунда аскердик тик учак менен кагылышкан.
Учактын үлгүсү Bombardier CRJ700. Кыйраган учакта 60 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон. Алардын ичинен кеминде төрт адам аман калып, ооруканага жаткырылган.
Учурда кырсык катталган жерде издөө-куткаруу иштери жүрүп, аэропорт аба каттамдарын убактылуу токтотту.