Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январынан тартып бензин жана дизел майынын ар бир литрине кошумча 1 сом төлөнөт. Андан түшкөн каражат Жол фондуна түшөт жана автоунаа жолдорун оңдоого, салууга жана реконструкциялоого пайдаланылат. Тиешелүү “Жол фонду жөнүндө” мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 20-ноябрда кабыл алган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, жолдорду тейлөөгө жылына 10 млрд сом керектелет. Бирок бюджеттен болгону 2 млрд сом бөлүнөт.