Кытайдагы жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди.Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 05:31де Кытайдын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Бедел айылында 2,5 баллга чейин сезилди.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.