Жалал-Абаддын Чаткал районунда дайынсыз болуп жаткан алты адамдын бирөөнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, маркум 46 жаштагы К.К. аттуу жаран болуп чыккан. Анын сөөгү саат 12:45те табылып, тик учак менен Кумбел тилкесине алынып келген.
Учурда калган беш адамды издөө иштери уланууда.