Кыргызстандын түштүгүндө эртең менен жер титирөө болду

Кыргызстандын түштүгүндө бүгүн, 9-октябрда эртең менен жер титирөө болду. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бүгүн саат 8.39да Ош жана Жалал-Абад облустарынын чек арасында очогунда күчү 3 баллга жакын жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Орказган айылынан 9 чакырым түштүк-чыгышта, Ак-Терек айылынан 13 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.

Орказган жана Ак-Терек айылдарында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жеткен.