Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун ички иштер министрлерин кабыл алды 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-сентябрда, Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) ички иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Уюмдун ички иштер министрлерин кабыл алды.

Мамлекет башчысы коноктор менен учурашып жатып, түрк өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин жыйыны биринчи жолу Кыргызстанда өтүп жатканы биз үчүн чоң сыймык экенин баса белгиледи.

“Бүгүнкү маанилүү иш-чара “күч бирдикте экендигин” таамай тастыктап, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн коопсуздугу – ар бириңиздер үчүн бийик милдет экендигин ачык көрсөтөт.

Боордош түрк элдеринин жалпы коопсуздугуна байланышкан аракетиңиздер, биздин ата-тегибизден бери келе жаткан биримдиктин анык далили болуп турат. Улуу түрк дүйнөсү ынтымакты туу тутуп, эли-журтунун тынчтыкта өмүр сүрүшүнө баардык күч аракетин жумшаган өзгөчөлүгү бар экендигин баарыбыз жакшы билебиз”, – деди Садыр Жапаров.

Бул контекстте Садыр Жапаров бул маанилүү иш-чараны мындан ары өнүктүрүп, чыңдоо максатында үзгүлтүккө учуратпай өткөрүп туруу зарылчылыгын айта кетти.

Президент тездик менен өнүгүп жаткан ааламдашуу доорунда, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча санариптештирүү багытында чогуу жана биримдикте иш алып баруу зарылдыгын да белгилеп өттү. Ички иштер министрлеринин жалпы коркунучтарга каршы туруу иш-аракеттери узак жылдар боюу, керек болсо кылымдар боюу кала турган биримдик болушу керек.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмунун өлкөлөрү менен болгон өз ара мамилелерине кыскача токтолуп, ТМУ өлкөлөрүнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү жаңы позитивдүү этаптарды айтып өттү.

Жолугушуунун аягында президент Садыр Жапаров Кыргызстан ТМУнун алкагындагы көп кырдуу кызматташууга, ошондой эле мүчө мамлекеттер менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Кыргызстан бул Уюмдун мамлекеттер аралык ынтымактын жана биримдиктин үлгүсү катары түптөлүшүнө кызыкдар. Ал ТМУнун ички иштер министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгы менен кабыл алына турган Декларация өз-ара тыгыз байланышты бекемдеп, коопсуздук маселесин мындан ары дагы кошумча чыңдоого жакшы өбөлгө түзөт, деген ишенимин билдирди.